Газада блокададан улам жакырдык күч алды

Борбору Швейцария болгон  Европа - Жер Ортолук деңизи адам укуктары уюму (Евро-Мед) 2006 - жылдан бери курчоо жана чектөөлөр астындагы  Газа тилкесиндеги гуманитардык абал боюнча отчетун жарыялады

1768099
Газада блокададан улам жакырдык күч алды

Израилдин Газа тилкесин блокадага алышынан улам аймактын калкынын жарымынан көбү жакырлашты.

Борбору Швейцария болгон  Европа - Жер Ортолук деңизи адам укуктары уюму (Евро-Мед) 2006 - жылдан бери курчоо жана чектөөлөр астындагы  Газа тилкесиндеги гуманитардык абал боюнча отчетун жарыялады.

«2 миллион 300 миң калкы болгон  Газа тилкесинде 2006 - жылдан бери Израилдин аймакка киргизген блокада жана чектөөлөрүнүн натыйжасында 1,5 миллионго жакын киши жакырлашты»,- деп билдирилди. Отчетто эл аралык коомчулуктун блокаданы акырына чыгарышы үчүн Израилге кысым жасашы керектиги баса белгиленди.

Отчетко ылайык, блокададан улам Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис эки эсе күч алды.

Блокадага чейин 2005 - жылы болжол менен 23,6 пайызды түзгөн жумушсуздук деңгээли 2021 - жылдын акырында  50,2 пайызга жетти.

Отчетто чектөөлөрдөн улам Газадагы жакырчылыктын деңгээли 2005 - жылы 40 пайыз болсо, 2021 - жылы 69 пайызга жеткени маалымдалды.

Израилдин кол салууларынан улам тейлөө, өндүрүш жана экономика тармактарындагы миңдеген объектилердин зыянга учурагандыгы белгиленген отчетто Израилдин Газага дары – дармек жана медициналык каражаттардын киришине атайын тоскоол болгондугу мунун да аймактагы саламаттыкты сактоо боюнча тейлөөдө 66 пайыздык төмөндөөгө алып келгени белгиленди.

Евро  - Mед Израилден Газа блокадасын токтотууну жана палестиналыктарга бардык укуктарын колдонууга уруксат берүүнү талап кылды.

Адам укуктары уюму да Эл аралык кылмыш сотун "жамааттык жазалоо саясатына жана Газа тилкесине аскердик чабуулга катышкан израилдик лидерлер менен аскерлерди иликтөөгө" чакырды.



Тектеш кабарлар