Гаитиде жер титиреди

Жер титирөөдөн кийин эң чоңу 4,4 баллга жеткен кайталанган термелүүлөр болгону кабарланды.

1767819
Гаитиде жер титиреди

Гаитиде күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду.

Санто-Доминго сейсмологиялык институту 10 километр тереңдикте катталган жер титирөөнүн эпицентринин борбор шаар Порт-о-Пренстен 96 километр алыстыктагы Ниппес аймагында болгонун жарыялады.

Жер титирөөдөн кийин эң чоңу 4,4 баллга жеткен кайталанган термелүүлөрдүн катталганы кабарланды.

5,3 баллдык жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян же материалдык чыгым тууралуу азырынча маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар