Мунайдын төгүлүшү менен Перудагы жээктер булганды

Тынч океандын жээгиндеги Тонга өлкөсүндө 15 - январда жанар тоонун атылышынан кийин Перунун 21 пляжы мунайдын төгүлүшү менен булганды.

1766242
Мунайдын төгүлүшү менен Перудагы жээктер булганды

Тынч океандын жээгиндеги Тонга өлкөсүндө 15 - январда жанар тоонун атылышынан кийин Перунун 21 пляжы мунайдын төгүлүшү менен булганды.

Жанар тоонун жарылышынан кийин болгон цунаминин бир танкерди оодарышы менен жээктеринде экологиялык апаат болгон Перуда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өлкөнүн 21 жээгиндеги булгануу тынчсыздандыруучу көлөмгө жетип, жээктер кирүү жана чыгууларга жабылды.

Президент Педро Кастильо экологиялык кризис менен күрөшүү үчүн комитет түзүлө турганын билдирди. Мындан тышкары, мунай төгүлгөн пляждарды тазалоо иштерине жергиликтүү балыкчылардын да катышары, кырсыктан жабыркаган үй - бүлөлөргө азык - түлүк жардамдары берилери белгиленди.

Бир тараптан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу эксперттер тобунун мунайдын булганышы менен күрөшүүгө колдоо көрсөтө турганы билдирилди.

Тонгадагы жарылуудан кийин цунамиден келген толкундар танкерге урунуп, Перудагы Ла Пампилла мунай иштетүүчү заводунан 6000 баррелден ашык мунай Тынч океанга төгүлгөн.

 



Тектеш кабарлар