Дибейбе Израилдин жалган маалыматтарын четке какты...

Ливиядагы «Өкмөтүбүз» деп аталган расмий платформадан Сауд Арабияга таандык El-Arabiya El-Hadath каналында Дибейбенин Иорданиянын борбор шаары Амманда израилдик жетекчилер менен жолуккандыгы айтылган кабарга байланыштуу билдирүү жарыяланды.

1761829
Дибейбе Израилдин жалган маалыматтарын четке какты...

Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбе Иорданияда израилдик жетекчилер менен жолугушту деген жалган маалыматтарды четке какты.

Ливиядагы «Өкмөтүбүз» деп аталган расмий платформадан Сауд Арабияга таандык El-Arabiya El-Hadath каналында Дибейбенин Иорданиянын борбор шаары Амманда израилдик жетекчилер менен жолуккандыгы айтылган кабарга байланыштуу билдирүү жарыяланды.

Өкмөттүн атынан жарыяланган билдирүүдө, «Дибейбе Израиль өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү менен жолугуп жатат деген телеканалда тараган ушактарды четке какты. Мындай эч нерсе болгон эмес жана болбойт. Палестина маселеси боюнча биздин позициябыз так жана туруктуу», деп айтылган.

Еl-Arabiya Еl-Hadath каналынын кечээки кабарында Дибейбенин Амманда Израилдин тышкы чалгындоо кызматынын (Моссад) башчысы менен Ливия менен Израилдин ортосундагы карым-катнаштардын нормалдашуусу темасын сүйлөшкөнү айтылган.

Кабарда Дибейбенин шайлоо алдындагы өткөөл мезгилде кеңсесинде калуу үчүн Израилдин колдоосун каалаганы айтылган.



Тектеш кабарлар