Нигерияда чиркөө кулады
Окпанам аймагында 3 кабаттуу чиркөөнүн кулаганы билдирилди.
1761220
Нигериянын Дельта облусунда 3 кабаттуу чиркөөнүн кыйрашынан алгачкы маалыматтарга караганда 10 киши каза болду.
Дельта аймагынын саламаттыкты сактоо комиссары доктор Ононие Морди облустун Окпанам аймагында 3 кабаттуу чиркөөнүн кулаганын кабарлады.
Морди урандылардын астындагы 10 кишинин сөөгүн чыгаргандарын, 8 кишинин да куткарылганын билдирди.
Аймакта издөө-куткаруу иштери уланып, жаракат алгандардын дарыланып жатканын белгилеген Морди, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенине тынчсызданганын айтты.
Окуя болгон учурда чиркөөдө 50дөн ашык адам болгону белгилүү болду.