Блинкен менен Кулеба Россияга каршы таштала турган кадамдар тууралуу сүйлөштү

Нед Прайс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Блинкен менен Кулебанын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн билдирди.

1761319
Блинкен менен Кулеба Россияга каршы таштала турган кадамдар тууралуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Украинанын тышкы иштер министри Димитро Кулеба НАТО - Россия Кеңешинин жыйынынан мурда АКШ - Россия стратегиялык ырааттуулук диалогунун жыйынтыктарын жана Россияга каршы таштала турган кадамдарды талкуулашты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Блинкен менен Кулебанын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн билдирди.

Прайс : «Россиянын Украина жана айланасына керексиз аскер жиберүүнү улантып жаткандыгына байланыштуу тынчсызданууларын билдирген министрлер Швейцариянын Женева шаарындагы АКШ  -  Россия стратегиялык туруктуулук диалогунун жыйындарын жана эртең Бельгиянын борбор шаары Брюселде боло турган НАТО  -  Россия Кеңеши жыйындарынан мурда кийинки таштала турган кадамдарды талкуулашты»,- деди.

Блинкендин 13 - январда Австриянын борбор шаары Венада өткөрүлө турган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Туруктуу кеңешинин жыйынына байланыштуу күтүүлөрүн да билдиргенин белгилеген Прайс, Блинкендин келечектеги дипломатияга карата колдоосун дагы бир жолу тастыктаганын айтты жана Украинасыз Украина боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдүн болбой турганын айтканын белгиледи.

Прайс : «Министр Блинкен Россия талаш  - тартыштарды күчөтүү жолун тандай турган болсо, АКШ жана союздаштарынын Россиянын экономикасына чоң чыгым алып келүүнү, НАТОнун фронттогу союздаш мамлекеттериндеги катышуусун күчөтүүгө жана Украинага коргонуу боюнча жардамын көбөйтүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталады»,- деди.

Тышкы иштер министрлигинде өткөн басма сөз жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд Россияны Украинаны коркутуп, Европадагы ырааттуулукка зыян келтирүү менен айыптады.

Нуланд Москваны Украинага карата аскердик операция боюнча эскертип,  Россия чыңалууну азайтпаса АКШнын европалык союздаштары менен Россияга оор экономикалык чыгым алып келүүгө даяр экендигин айтты.



Тектеш кабарлар