АКШнын түндүк-чыгышы акыркы 3 жылдын эң суук мезгилин өткөрүп жатат
Түндүктөн кирген арктикалык аба толкуну өлкөнүн борбордук жана өзгөчө түндүк-чыгыш аймактарында температуранын минус градуска чейин төмөндөшүнө себеп болду.
1761015
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) түндүк-чыгышында акыркы 3 жылдын эң суук күндөрү өтүп жатат.
АКШнын Улуттук аба ырайы кызматынын маалыматына караганда, түндүктөн кирген арктикалык аба толкуну өлкөнүн борбордук жана өзгөчө түндүк-чыгыш аймактарында температуранын минус градуска чейин төмөндөшүнө себеп болду.
Абанын температурасы минус 10 градуска чейин төмөндөп, шамалдан улам минус 18 градуска чейин сезилген Нью-Йорк жана Бостон 2019-жылдан бери эң суук күндөрүн баштан кечирүүдө.
Өлкөнүн борбордук аймактарында болсо түндүк тарапта шамалдын таасири менен абанын температурасы минус 45 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
Массачусетс, Нью-Йорк, Нью-Гэмпшир жана Вермонт штаттарындагы кээ бир мектептер сууктан улам жабылды.