Түштүк Кореяда Ф - 5 аскердик учагы кырсыкка учурады

Түштүк Кореяда Ф  - 5 аскердик учагынын кырсыкка учурашы менен учкуч каза болду.

1760801
Түштүк Кореяда Ф  - 5  аскердик учагы кырсыкка учурады

Түштүк Кореяда Ф  - 5 аскердик учагынын кырсыкка учурашы менен учкуч каза болду.

Аскердик жетекчилердин билдиргенине караганда реактив борбор шаар Сеулдун 50 километр түштүгүндөгү Хвасондогу бир  тоого урунган.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматта учактагы учкучтун кырсыкта каза болгондугу белгиленди.

Аскердик аба күчтөрү кырсыктын себептерин иликтеп жатканын билдирди.

Ф  - 5Е 1960 -  жылдардагы эски муундагы аскердик учак.

Түштүк Корея өткөн жумада да системадагы катачылыктан кийин бардык өнүккөн F-35 аскердик учактар ​​флотун толугу менен токтоткон.

Бир Ф  - 35  учагы бузулуп, кооптуу түрдө жерге конгон.

 



Тектеш кабарлар