Алты өлкөдөн Түндүк Кореяга чакырык

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд 6 өлкөнүн атынан билдирүү жасады.

1760390
Алты өлкөдөн Түндүк Кореяга чакырык

АКШ да арасында болгон 6 өлкө Түндүк Кореяны өзөктүк программасын жана баллистикалык ракета сыноолорун токтотууга чакырды.

АКШ, Британия, Франция, Ирландия, Албания жана Япония Түндүк Кореянын акыркы ракета сыноосун талкуулай турган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУС) сессиясынын алдында биргелешкен билдирүү жасашты.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд 6 өлкөнүн атынан билдирүү жасап, Түндүк Кореянын 5-январдагы баллистикалык ракета сыноосун айыптагандарын белгилеп, ракета сыноосунун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорун ачык түрдө бузганын айтты.

Түндүк Кореянын массалык кыргын салуучу курал жана баллистикалык ракета программасына умтулуусу эл аралык тынчтык жана коопсуздукту коркунучка салганын белгилеген Томас Гринфилд, Пхеньянды атомдук программасын жана баллистикалык ракета сыноолорун токтотууга чакырды.

Түндүк Кореянын элинин жыргалчылыгына зыян келтирип, аскердик инвестициясын улантып жатканын белгилеген Томас Гринфилд, өлкө калкынын катаал авторитардык режимдин астында барган сайын күчөгөн гуманитардык кризиске туш болгонун айтты.

Линда Томас Гринфилд ошондой эле Түндүк Кореяны дестабилдештирүүчү аракеттерден качуу жана Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу үчүн диалогго чакырды.

Акыркы сыноосун октябрь айында ишке ашырган Түндүк Корея 5-январда сыноодон өткөн бул ракетанын суу астындагы кемеден учурулган баллистикалык ракетанын жаңы түрү экенин билдирген эле.



Тектеш кабарлар