Петро Порошенконун мүлкү конфискацияланат

Порошенконун адвокаты Игорь Голован чечимди апелляцияга алып барышарын айтты.

1758481
Петро  Порошенконун мүлкү конфискацияланат

Украина соту мамлекетке чыккынчылык кылуу менен айыпталган Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды.

Украинанын расмий маалымат агенттиги Укринформдун кабарына караганда Порошенконун адвокаты Игорь Голован Киев Печерск сотунун Порошенконун бардык мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарганын билдирди.

Голован бул чечимди апелляцияга алып барышарын айтты.

Чет өлкөдө жүргөн Порошенко 17 - январда өлкөгө кайтып, башкы прокурор менен жолугаарын билдирген.

Порошенко Донбасстагы Россия жактоочусу жикчилдерден көмүр алды деген негиз менен «мекенге кыянаттык» жана «терроризмге финансылык жардам берүү» менен айыпталууда.



Тектеш кабарлар