Палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун биргелешкен аскердик машыгуусу

Газа тилкесиндеги палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун Рефах шаарында өткөргөн биргелешкен аскердик машыгуу аяктады.

1754526
Палестиналык  каршылык көрсөтүү топторунун биргелешкен аскердик машыгуусу

Газа тилкесиндеги палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун Рефах шаарында өткөргөн биргелешкен аскердик машыгуу аяктады.

«Катуу бурч – 2» деп аталган машыгуу Фатх кыймылынын тышындагы башка палестиналык топтордун аскердик канаттарын камтыган  «Каршылык көрсөтүү топторунун жалпы палатасы» тарабынан ишке ашырылды.

Аскердик тажрыйбаларды бөлүшүү жана ар кандай кыйынчылык менен коркунучтарга даяр болуу максатында уюштурулган машыгууга байланыштуу Каршылык көрсөтүү топторунун биргелешкен палатасынын командирлеринен Ахмет Невфел маалымат берди.

Невфел машыгуунун каршылык көрсөтүү идеясын жандатканын жана палестиналык топтордун биримдигин ырастаганын баса белгилеп, Газа чек арасындагы дубалдардын да Израилди коргой албастыгын, каршылашуу күчтөрүнүн кайрадан сөз ээси болорун айтты.

Газада 26 -  декабрь бейшемби күнү башталган машыгуунун биринчиси 2020 -  жылы сентябрь айында өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар