Кааба менен Набави мечитинде социалдык аралык
Чечимге ылайык, бүгүндөн тарта Масжид-и Харам жана Масжид-и Набавиде социалдык аралык сакталат.
Сауд Арабия коронавирус (Ковид-19) чараларынын алкагында бүгүнтөн баштап Масжид аль-Харам жана Масжид ан-Набавиде социалдык аралыктын кайрадан ишке ашырыла баштай турганын билдирди.
Сауд Арабиянын расмий SPA агенттигинин Масжид аль-Харам жана Масжид ан-Набави иштери боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерине таянган кабарына караганда, Ковид-19 учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу ыйык жерлерге кайрадан чектөөлөр киргизилди.
Чечимге ылайык, бүгүндөн тарта Масжид-и Харам жана Масжид-и Набавиде социалдык аралык сакталат.
Сауд Арабия 15-октябрда Ковид-19 чектөөлөрүн жеңилдетүүнүн алкагында Масжид аль-Харам менен Масжид ан-Набавинин ибадат кылууга толук ачылуусуна уруксат берерин жарыялаган болчу.
Сауд Арабияда Ковид-19 пандемиясынан ушул учурга чейин 8 миң 874 адам каза болуп, жуктургандардын саны 554 миң 665ке жетти.