Конгодо сел: 10 адам каза болду
Басанкусу кыштагында 2 күндөн бери катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү.
2132357
Конго Демократиялык Республикасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селден 10 киши каза болду.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Экватер облусунун Басанкусу кыштагында 2 күндөн бери катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү.
80 үй кыйрап, көпүрө жана жолдор суу астында калган сел апаатында ушул убакка чейин 10 адамдын жансыз денеси табылды.
Кыштакта издөө-куткаруу иштери уланууда.
Тропикалык климаттык зонада жайгашкан өлкө жаан-чачындуу мезгилде табигый кырсыктарга көп дуушар болот.