Африкада Ковид - 19 вакциналары таштандыга ташталуу коркунучу менен бетме - бет

40 миллион дозадан ашык вакцинанын мөөнөтү бүтүү коркунучунун бар экендиги билдирилди.

1754290
Африкада Ковид  - 19  вакциналары таштандыга ташталуу коркунучу менен бетме  - бет

Чыгыш Африка өлкөлөрүндө  Ковид  - 19га каршы эмдөөгө  аз катышуунун болгонуна байланыштуу 40 миллион дозадан ашык вакцинанын мөөнөтү бүтүү коркунучунун бар экендиги билдирилди.

The East African гезитинин кабарына караганда, кайрымдуулук жана түз сатып алуулар аркылуу алынган 74 миллион дозанын ушул убакка чейин аймакта 30,1 миллион дозасы гана колдонулган. Танзания 4,4 миллион доза вакцинанын 2,04 миллионун, Кения 23,3 миллион дозанын 9 миллионун, Уганда 32,09 миллион дозанын 8,9 миллионун жана Руанда 13,6 миллион дозанын 11,4 миллионун керектеген.

Өкмөттөр эмдөөгө катышууну арттыруу үчүн көптөгөн жерде вакцина алуу мажбурдуулугун киргизди. Кабарда вакциналарды сактоо жерлеринин да чектүү экендиги белгиленди.

Батыш өлкөлөрүнөн кайрымдуулук аркылуу жөнөтүлгөн вакциналардын жарамдуулук мөөнөтү жакындап калганы белгилүү болсо да, кээ бир Африка өлкөлөрү ушундай жол менен алган вакциналардын жүз миңдеген дозасын жок кылууга аргасыз болду. Эмдөө катнашы 8,8 пайыз болгон континентте бейтап саны 9, 6 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар