Пакистанда 5,3 баллдык жер титирөө болду

Жер титирөөдө жан жана материалдык жоготуунун болуп же болбогондугу тууралуу маалымат берилген жок.

1753341
Пакистанда  5,3 баллдык жер титирөө болду

Пакистандын  Гилгит  -  Балтистан аймагында 5 ,3 баллдык жер титирөө болду. 

Пакистан улуттук сейсмологиялык көзөмөлдөө борбору эпицентри  Асторе аймагынын 26 километр түндүгү болгон 5, 3 баллдык  жер титирөөнүн жердин 45 километр астында болгондугун билдирди. 

Пакистан улуттук сейсмологиялык көзөмөлдөө борбору термелүүнүн  айланадагы аймактарда да сезилгендигин белгиледи. 

Көп сандаган пакистандык жер титирөөдөн кийин көчөлөргө чыгышты. Жер титирөөдө жан жана материалдык жоготуунун болуп же болбогондугу тууралуу маалымат берилген жок. 

 

 



Тектеш кабарлар