Кытайдын "ZY-1 02E" спутниги маалыматтарды бере баштады

Кытай 26-декабрда учурулган жерди байкоочу "ZY-1 02E" спутниги маалыматтарды бере баштаганын билдирди.

1753364
Кытайдын  "ZY-1 02E" спутниги маалыматтарды бере баштады

Кытай Илимдер академиясынын (CAS) билдирүүсүндө спутниктин Пекиндин Миюн районундагы алыстан зонддоо спутнигинин Жер станциясына алгачкы сигналдарын жибергени белгиленди.

Маалыматта, 5 метрлик оптикалык байкоо спутнигинин станцияга эки өткөргүчтө жалпысынан 159 гигабайт маалымат жеткиргени белгиленди.

"ZY-1 02E" 26-декабрда өлкөнүн түндүгүндөгү Шаанши провинциясындагы Тайюан спутник борборунан Long March 4C ракетасы менен учурулган.

Кытайдын Космос технологиялар академиясы тарабынан иштелип чыккан спутник жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө, экологиялык мониторинг, кырсыктардын алдын алуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана шаар куруу иш-чараларын колдоо үчүн колдонулат.

"ZY-1 02E" 2019-жылдын 12-сентябрында учурулган "ZY-1 02D" функционалдык спутниги менен тармакка кирет.



Тектеш кабарлар