Франция омикрон вариантына каршы чараларды катуулатууда

Бүгүнтөн баштап күчүнө кире турган чаралар 3 жумага созулат.

1753630
Франция омикрон вариантына каршы чараларды катуулатууда

Франция коронавирус (Ковид-19) пандемиясы башталгандан бери 23-декабрда эң көп учур катталгандан кийин Ковид-19нун омикрондук вариантынын жайылышын токтотуу үчүн кошумча чараларды көрдү.

Премьер-министр Жан Кастекс жана саламаттыкты сактоо министри Оливер Веран жарыялаган жаңы чараларга ылайык, иш-чараларга катышуу имараттын ичинде 2,000 адам жана сыртта 5,000 адам менен чектелет.

Спорт аянтчаларында, кино-концерт сыяктуу маданий иш-чараларда, коомдук транспортто жеп-ичүүгө тыюу салынат, ал эми барларда жана кафелерде тамак-ашты туруп алып эмес отуруп жегенге гана болот.

Шаардын борборунда маска колдонуу милдеттүү болот жана мүмкүн болгондордун бардыгы жумасына 3 күн үйдөн  иштешет.

28-декабрдан тарта вакцинанын экинчи дозасынан 3 ай өткөн ар бир адам эскертме дозасын ала алат жана эки вакцинанын ортосундагы мөөнөт эң көп дегенде 4 ай болот.

Бүгүнтөн баштап күчүнө кире турган чаралар 3 жумага созулат.

23-декабрь Францияда пандемия башталгандан бери 91 миң 608 адам менен күнүмдүк эң көп учур катталган күн болду.



Тектеш кабарлар