Конгодо жан кечтилик кол салуу болду

Алгачкы маалыматтарга караганда жардыруудан 5 адам каза болуп, көп адам жаракат алды.

1752628
Конгодо жан кечтилик кол салуу болду

Конго Демократиялык Республикасынын Бени шаарында ресторанга жасалган бомбалуу кол салуудан беш киши каза болду.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Түндүк-Киву провинциясынын Бени шаарындагы эң кыймылдуу көчөлөрдүн бири болгон Нямвиси бульварында жайгашкан ресторанга жанкечтилик кол салуу болду.

Алгачкы маалыматтарга караганда жардыруудан 5 адам каза болуп, көп адам жаракат алды.

Жаракат алгандар шаардагы ооруканаларда дарыланууда.

Рождество майрамынан кийин ресторанда эл көп болгон учурда жасалган жанкечтилик кол салууда каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуу бар.



Тектеш кабарлар