Япония Эфиопияга 12, 4 миллион долларлык жардам берет

Япония Чыгыш Африка өлкөсү Эфиопияга 12, 4 миллион долларлык чукул гуманитардык жардам берерин билдирди.

1752177
Япония Эфиопияга 12, 4 миллион долларлык жардам берет

Япония Чыгыш Африка өлкөсү Эфиопияга 12, 4 миллион долларлык чукул гуманитардык жардам берерин билдирди.

Япониянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Эфиопияга тамак - аш жана баш калкалоочу жайдан турган 12,4 миллион долларлык чукул жардам жөнөтүлөт. Жардам Бириккен Улуттар Уюмунун  Дүйнөлүк азык - түлүк программасы жана Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы баш болгон 4 башка эл аралык уюм аркылуу жеткирилет.

Эфиопиянын түндүгүндөгү Афар, Амхара жана Тиграй аймактарына азык - түлүк жана баш калкалоочу жардамдын жеткирилери билдирилди.

Билдирүүдө Япониянын Эфиопияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн эл аралык коомчулук менен кызматташууну уланта турганы белгиленген.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси кечээ Эфиопияда келерки жылы 22 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж болору боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар