Палестина: «Израиль бир тараптуу аракеттерин токтотушу керек»

Палестинанын Вафа кабар агенттигинин кабарына караганда, Аббас Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш иштери боюнча жардамчысы Йел Ламбертти Рамалладагы Президенттик резиденциясында кабыл алды.

1751058
Палестина: «Израиль бир тараптуу аракеттерин токтотушу керек»

Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Израилдин бир тараптуу аракеттерин токтотуусу зарыл экенин айтты.

Палестинанын Вафа кабар агенттигинин кабарына караганда, Аббас Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш иштери боюнча жардамчысы Йел Ламбертти Рамалладагы Президенттик резиденциясында кабыл алды.

Жолугушууда Аббас Ламбертке Палестина аймактарындагы акыркы абалдар жана Израилдин эки мамлекеттүү чечимди жокко чыгарган бир тараптуу иш-аракеттери тууралуу маалымат берди.

Израилдин бул иш-аракеттерди токтотуусунун шарт экенин билдирген Аббас, эл аралык чечимдерге ылайык чыныгы саясий процесстин башталышы үчүн эки тараптын ортосунда кол коюлган келишимдердин ишке ашырылышы керектигин баса белгиледи.

Аббас АКШ менен эки тараптуу карым-катнаштарды бекемдөө жана анын алдындагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн иштерди улантуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Кабарда жолугушуунун чоо-жайы айтылган жок.

Аббастын бүгүн кечинде Израилге жана Батыш Шериага бара турган АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолугушуусу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар