Индия Пенжаб облусуна С-400дөрдү жайгаштырды
«Hindustan Times» гезитинин кабарына караганда, Орусия менен Индиянын ортосундагы абадан коргонуу кызматташтыгынын алкагында С-400 системаларынын алгачкы батареялары орнотулду.
Индия Пенжаб аймагына Орусиянын С-400 абадан коргонуу системасын жайгаштырды.
«Hindustan Times» гезитинин кабарына караганда, Орусия менен Индиянын ортосундагы абадан коргонуу кызматташтыгынын алкагында С-400 системаларынын биринчи батареялары орнотулду.
Индиянын Аскердик аба күчтөрүнүн билдирүүсүндө, С-400 батареяларынын Индиянын Пенжаб аймагына жайгаштырылгандыгы жана Орусияда чыгарылган ракеталардын өлкөнүн абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттыра турганы белгиленди.
Пенжабда орнотулган С-400 абадан коргонуу системасынын 400-250 километр аралыктагы согуштук учактарды, баллистикалык ракеталарды жана AWACS учактарын орто аралыкта 120 километр жана кыска аралыкта 40 километрлик 4 түрдүү ракета менен атууга жөндөмдүү экени маалымдалды.
Эки өлкөнүн ортосунда ракеталык системаларды сатып алуу келишимине 2015-жылы кол коюлуп, 2018-жылы 4,5 миллиард долларлык келишим аяктаган болчу.