Евробиримдик Орусия-АКШ жана НАТО сүйлөшүүлөрүндө үстөлдө болууну каалайт

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, аймактагы акыркы абал тууралуу макаласында; дипломатия пикирлеш тараптар менен өнөктөштүктө жүргүзүлсө эң жакшы натыйжаларды берерин белгиледи.

1749810
Евробиримдик Орусия-АКШ жана НАТО сүйлөшүүлөрүндө үстөлдө болууну каалайт

Евробиримдиктин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Евробиримдик да Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин айтты.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, аймактагы акыркы абал тууралуу макаласында; дипломатия пикирлеш тараптар менен өнөктөштүктө жүргүзүлсө эң жакшы натыйжаларды берерин белгиледи.

Европанын коопсуздук архитектурасына байланыштуу ар кандай талкууда табигый түрдө Евробиримдиктин үстөлдө болушу керектигин баса белгилеген Жозеп Боррель, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Батыштан кепилдик сураган сунушунун долбоорунун НАТОнун европалык мүчөлөрүнө да тиешелүү экенин айтты.

«Европа Биримдиги бул талкуулардын ажырагыс бөлүгү болушу керек экени ачык көрүнүп турат»,-деп баа берген Боррель, Орусия менен ар кандай жолугушуу үчүн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмун (ЕККУ) ишаарат кылды.

Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жана НАТОго коопсуздук кепилдиги боюнча өзүнүн сунушунда Орусия НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнөн баш тартууга милдеттенме алуусун суранган.

Сунушта Орусия ошондой эле АКШдан мурдагы СССР жана НАТОго кирбеген өлкөлөрдө аскерий базаларды орнотпоону талап кылган.



Тектеш кабарлар