Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Covovaxты чукул колдонууга уруксат берди
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму бул чечими менен тогузунчу Ковид - 19 вакцинасына чукул колдонуу уруксатын берген болду.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Индияда чыгарылган Covovaxтын Ковид - 19 вакцинасын чукул түрдө колдонулушуна уруксат берди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Американын дары - дармек фирмасы Novavax фармацевтикалык компаниясынын лицензиясы менен Индиянын сары суу институту тарабынан чыгарылган Covovax (NVX-CoV2373) вакцинасынын колдонулушуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Маалыматта Covovaxтын шашылыш түрдө колдонулушуна макулдук берилгени билдирилип, бул чечимдин кирешеси төмөн өлкөлөрдө дагы көп кишиге эмдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иш - аракеттерге чоң колдоо көрсөтө турганы баса белгиленди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы дирекорунун орун басары доктор Марианджела Симао: «Жаңы варианттар ортого чыкса да вакциналар адамдарды олуттуу оорулар жана Ковид - 19дан келип чыккан өлүмдөргө тоскоол болуу үчүн эң таасирдүү каражаттардын бири болууну улантат»,- деди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму бул чечими менен тогузунчу Ковид - 19 вакцинасына чукул колдонуу уруксатын берген болду.