Ирактын Басра шаарында жардыруу болду

Басра губернатору Асад Идани Ирактын расмий маалымат агенттиги INAга билдирүү жасады.

1744123
Ирактын Басра шаарында жардыруу болду

Ирактын Басра шаарында жарылуучу зат жүктөлгөн мотоцикл менен кол салууда 4 киши каза болду.

Басра губернатору Асад Идани Ирактын расмий маалымат агенттиги INAга билдирүү жасады.

Идани:"Жардыруудан 4 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды",-деди.

Ирак өкмөтүнүн Коопсуздук медиа тармагынан жасалган билдирүүдө окуянын жарылуучу зат жүктөлгөн мотоциклдин жарылышынын натыйжасында болгондугу белгиленди.

Жардыруу болгон аймакта коопсуздук күчтөрү тарабынан иликтөө иштеринин уланганы белгиленди.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.



Тектеш кабарлар