17-Астана сүйлөшүүлөрү 21-22-декабрда өтөт
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирүү жасады.
Сирия кризисине чечим табуу үчүн Түркия, Орусия жана Ирандын кепилдиги астында 2017-жылы башталган Астана сүйлөшүүлөрүнүн 17си 21-22-декабрда Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда өткөрүлө турганы маалымдалды.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирүү жасап, Сирия боюнча 17-Астана сүйлөшүүлөрүнүн датасы такталганын кабарлады.
Смадияров сүйлөшүүлөр 21-22-декабрда Казакстандын борбору Нур-Султанда өтөөрүн белгилеп, кепил өлкөлөр (Түркия, Орусия жана Иран) баш болгон бардык тиешелүү тараптардын катышуусун бекиткендерин айтты.
Акыркы жолу 7-8-июлда Нур Султанда өткөрүлгөн Сирия боюнча 16-Астана сүйлөшүүлөрүндө, Сириядагы учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жеткирилиши, Швейцариянын Женева шаарындагы Сирия Конституциялык комитетинин ишин кайра жандантуу, туткундарды алмашуу, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгондорду издөө сыяктуу маселелер талкууланган болчу.