Nissan Айды изилдөөчү унаасын таанытты
Унаанын Айдын бетине ыңгайлашкан атайын дөңгөлөктөр менен жабдылганы айтылды.
1742075
Япониянын автомобиль гиганты Nissan Япониянын Космостук Изилдөө Агенттиги (JAXA) менен биргелешип иштеп чыккан Ай унаасынын прототибин коомчулукка тааныштырды.
Электрдик унааларда колдонуу үчүн Nissan тарабынан иштелип чыккан кыймылдаткычты башкаруу технологиясын колдонгон унаанын Айдын толкундуу бетинде бир калыпта кыймылдашы максатталганы билдирилди.
Айдоочусуз кыймылдай турган жана күндүн энергиясы менен иштеши күтүлгөн чалгындоочу унаанын Айдын бетине ыңгайлашкан атайын дөңгөлөктөр менен жабдылганы айтылды.
Nissanдын билдирүүсүндө, компания JAXA менен долбоорду иштеп чыгуу процессин улантат, ал эми унаа качан колдонууга даяр болоору азырынча белгисиз.