Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистан жана Мьянма чечими

Афганистанда Талибан жана Мьянмада төкөрүш кылган армиянын Бириккен Улуттар Уюму үчүн талапкер көрсөткөн элчи талапкерлери азырынча уюмда  өкүл болбойт.

1741748
Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистан жана Мьянма чечими

Афганистанда Талибан жана Мьянмада төкөрүш кылган армиянын Бириккен Улуттар Уюму үчүн талапкер көрсөткөн элчи талапкерлери азырынча уюмда  өкүл болбойт.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы Ассамблеясынын Акредитация комитети Талибандын Афганистанда башкарууну колго алышы (15 -  август)  жана Мьянмада армиянын (1 - февраль)  сокку менен башкарууну колго алышынан кийин бул өлкөлөрдүн Бириккен Улуттар Уюмунда  кимдин өкүл болорун сүйлөшүү үчүн чогулду. 

Өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмундагы элчи талапкерлеринин ысмын уюмга алып баргандан кийин бул ысымдар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын Акредитация комитенти тарабынан бекитилет. 

Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 9 өлкөдөн турган комитеттин төрагасы Швециянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Анна Карин Энестрем  жыйындан кийин  комитеттин Афганистан жана Мьянманын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн ким болору тууралуу чечимди кечеңдетишкендерин айтты. 

Кечеңдетүү чечиминен кийин Талибандын жана Мьянма армиясынын Бириккен Улуттар Уюму үчүн талапкер көрсөткөн элчи талапкерлери азырынча уюмда  болбойт. Талибан  катчыларынан Сухейл Шахинди Бириккен Улуттар Уюмуна талапкер көрсөтүлгөн болчу. 



Тектеш кабарлар