Эфиопия өкмөтү 17 шаарды козголоңчулардан алды
Бул тууралуу кабарды Эфиопия премьер - министрлик кеңсеси билдирди.
Эфиопия өкмөтүнүн козголоңчуларга каршы кол салуудан кийин Амхара жана Афар провинцияларындагы 17 шаарды кайтарып алганы билдирилди.
Эфиопия премьер - министрлик кеңсесинен берилген маалыматта Касагита, Бурка, Вайима, Чифра, Чифту, Дире Рука, Алеле Сулула, Арбит, Акет, Дибико, Дабо, Гашена, Жама Деголло, Верейлу, Женете, Финчофту жана Акеста шаарларынын Тиграй Элдик боштондук фронтунан кайрып алганы маалымдалды.
Билдирүүдө Мезезо, Молале, Шоа Робит жана Раса аймактарынын Тиграй Элдик боштондук фронтунан тазаланганы да белгиленди.
Эфиопия армиясы акыркы жумаларда абадан соккуларын көбөйтүп, козголоңчулардын алдыга жылуусунан улам премьер - министр Абий Ахмед фронтко барган. Ахмед армиянын жогорку мартабалуу командирлери менен өткөргөн жыйындан кийин : «Согуш бүттү»,- деп айткан.
Тиграй Элдик боштондук фронтуна каршы 1 жылдан ашуун убакыттан бери күрөшүп келе жаткан армия козголоңчулардын борбор шаарга карай алдыга жылышынан кийин жалпы өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган.