Шри - Ланкада паром оодарылды
Кырсыкта 6 адам каза болду.
1737449
Шри - Ланканын чыгышында паром оодарылып, кеминде 6 адам каза болду.
Деңиз күчтөрүнүн басма сөз катчысы Индика де Силва өлкөнүн түндүгүндөгү Куринчакени аймагынан Кинния жээгине бара жаткан паромдун оодарылгандыгын жарыялады.
Силва паромдон 12 кишинин куткарылганын, эң аз 6 кишинин каза болгонун белгиледи.
Паромдогу адамдардын жалпы саны азырынча белгисиз экендиги билдирилди.