Остин ИКАБтын премьер-министри жана Бахрейндин мураскор ханзаадасы менен жолугушту

АКШнын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Остин Бахрейндин борбор шаары Манамада жыл сайын өткөрүлүүчү «Манама диалогу» жолугушууларында түрдүү жолугушууларды өткөрдү.

1736516
Остин ИКАБтын премьер-министри жана Бахрейндин мураскор ханзаадасы менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) премьер-министри Месрур Барзани жана Бахрейндин мураскор ханзаадасы Салман бин Хамад бин Иса Аль Халифа менен жолугушту.

АКШнын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Остин Бахрейндин борбор шаары Манамада жыл сайын өткөрүлүүчү «Манама диалогу» жолугушууларында түрдүү жолугушууларды өткөрдү.

Остин Ирактын премьер-министри Масрур Барзани менен болгон жолугушуусунда пешмерге күчтөрүнө террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ллойд Остин Манамада Ирактын коргоо министри Жума Инад Садун менен да жолугушту.

Жолугушууда америкалык аскерлердин Ирактагы ДЕАШ менен күрөшүүдө Ирак армиясына жардам берүү жана чалгындоо маалыматын бөлүшүүгө багытталган миссиясынын кийинки кадамы талкууланды.

Бахрейндин мураскор ханзаадасы Салман бин Хамад бин Иса Аль Халифа менен да жолугушкан Остин эки өлкөнүн кызматташтыгы, анын ичинде деңиз коопсуздугу жана аймактык кызматташтыкты талкуулады.

Остин Манамада Малайзиянын коргоо министри Хишамуддин Хусейн менен да жолукту.



Тектеш кабарлар