Ханийе: «Түркиянын Палестина маселесинде негизги саясий ролу бар»

Хамас кыймылынын Аль-Акса телеканалына маалымат берген Ханийе Түркиянын Палестина маселеси тууралуу позициясы, Сауд Аравиядагы палестиналык туткундар жана Израилдин Газаны блокадага алуусу темаларына  баа берди.

1736490
Ханийе: «Түркиянын Палестина маселесинде негизги саясий ролу бар»

Хамастын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийе Түркиянын Палестина маселесинде саясий деңгээлде чечүүчү ролу бар экенин айтты.

Хамас кыймылынын Аль-Акса телеканалына маалымат берген Ханийе Түркиянын Палестина маселеси тууралуу позициясы, Сауд Аравиядагы палестиналык туткундар жана Израилдин Газаны блокадага алуусу темаларына  баа берди.

Түркиянын Палестина маселесине карата позициясына урмат көрсөткөндөрүн билдирген Ханийе: «Бир тууганым президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Палестина маселесине карата позициясын эл аралык платформаларда билдирүүдө. Биз Түркиянын Палестина маселесине карата позициясын баалайбыз жана урматтайбыз. Түркиянын Палестина маселесинде саясий деңгээлде негизги ролу бар»,-деген пикирин билдирди.

Ханийе түрк калкынын жана гуманитардык уюмдарынын Палестина элине көрсөткөн гуманитардык колдоосун мактады.

Сауд Арабиядагы камактагы палестиналыктардын маселесине да токтолгон Ханийе: «Сауд Арабиянын палестиналык туткундарга байланыштуу чечимдери таң калтырды. Бул чечимдер бизди таң калтырды. Бул Палестина маселесин колдогон жана кучак жайган өлкө катары тааныган Сауд Арабия эмес экендигин айтуудабыз»,-деп айтты.

Ханийе Сауд Арабияны камактагы палестиналыктарды бошотууга чакырды.

Израилдин Газа тилкесин 15 жылдан бери блокадага алганын эске салган Ханийе, блокадага мындан ары унчукпай тура албастыгын жана Хамастын блокаданы бузуу үчүн таштала турган ар бир кадамды колдой турганын айтты.

Ханийе Газанын кайра курулушу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасоого аракет кылгандарын белгилеп, кайра куруу процессин ылдамдатуу үчүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Египет, Катар жана Түркия менен байланыштарды күчөтүшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар