Йеменде хуситтерге таандык 13 аскердик пункт бутага алынды

Бул тууралуу Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPA кабарлады.

1736545
Йеменде хуситтерге таандык 13 аскердик пункт бутага алынды

Йемендеги өкмөткө колдоо көрсөткөн Сауд Арабиянын жетекчилигиндеги коалиция Иран колдогон хуситтерге таандык 13 аскерий пунктту бутага алганын жарыялады.

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAдагы кабарга караганда, араб коалициясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө хуситтердин көзөмөлүндөгү Сана, Сада жана Марибдеги кээ бир аскердик пункттардын «квалификациялуу операция» менен бутага алынганы белгиленди.

Билдирүүдө айтылган аймактарга 13 жолу абадан кол салуу жасалганы, буталардын арасында Иран колдогон хусилерге таандык курал кампалары, абадан коргонуу системалары жана учкучсуз учуучу аппараттар көзөмөлдөнгөн пункттардын жок кылынганы белгиленди.

Хуситтерден бул боюнча эч кандай билдирүү болгон жок.


Этикеткалар: #Иран , #Сауд Арабиянын

Тектеш кабарлар