Беларустан ЕБнин территориясына мигранттардын агымы...

Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин билдирүүсүндө учурда Беларустун Евробиримдик менен чек арасында кырдаал курчуп турганы баса белгиленди.

1736510
Беларустан ЕБнин территориясына мигранттардын агымы...
belarus göçmen1.jpg

Беларустун Европа Биримдиги (ЕБ) чек арасынан башпаанек издеген адамдардын Польша, Литва жана Латвия чек араларына кирүү аракеттери уланып жаткан учурда бул мамлекеттердин коопсуздук күчтөрү сөз болгон топторду артка сүрүп салганы жарыяланды.

Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин билдирүүсүндө учурда Беларустун Евробиримдик менен чек арасында кырдаал курчуп турганы баса белгиленди.

Польша, Литва жана Латвиянын качкындарды зомбулук менен Беларуска кайтаруу аракетинин уланып жатканы белгиленген билдирүүдө: «Литванын күч түзүмдөрү 140тан ашык адамдан турган 9 топту, ал эми Польшанын күч органдары Беларуска 350дөй адамдан турган 12 топту жөнөтүүгө аракет кылышкан. Латвия тарапка 20 адамдан турган топту күч менен депортациялоо аракети көрүлгөн»-деген туюнтмалар колдонулган.

Билдирүүдө Беларустун чек арасына жакын коңшу мамлекеттердин аймагында оор абалда калган аялдар жана балдардан турган үч топ качкындар, Польша тарапта 110дон ашык адамдан турган эки топ, Латвия жана Литва тарапта 30дан адамдан турган бир топ бар экени белгиленди.

Билдирүүдө, «Бул адамдардын баары Беларусту мындан ары кала турган өлкө катары көрүшпөйт, алар өз ыктыяры менен Беларуска кирүүдөн баш тартышууда жана качкын макамын алуу үчүн Европага барууну пландап жатышат»,делди.

Бир тараптан Беларустун Гродно шаарындагы чек ара тилкесинде Ирактан виза менен Беларуска келген жана Европага иммиграция издөө менен бул өлкөдөн Польшага өтүүгө аракет кылгандар үчүн чек ара аймагындагы логистикалык борбордо бөлүнгөн жабык аймак кеңейтилди.

Балдар менен аялдарды кошкондо 2000дей кишинин жашоо аянты чоңойтулуп, мурунку күндөрдө суук аба ырайында сыртта жүргөндөр да ичине киргизилди.

Күндүз Беларустун өкмөтү жана элинин ыктыярдуу уюмдары аркылуу иммигранттарга гуманитардык жардам көрсөтүүсү улантылды.

Беларусь-Польша чек арасында 8-ноябрдан бери Европага башпаанек издеген көпчүлүгү Ирак жана Сириядан келген Беларусь аркылуу Польшага өтүүгө аракет кылган кишилер токойдо жана чек аранын жанында өздөрү курган лагерде күтүүнү улантышкан.

Бир канча убакыт мурун бул адамдар чек арага курган лагерин толугу менен бошотуп, Беларусь өкмөтү аймакта даярдаган үстү жабык борборго көчүп кетишкен.



Тектеш кабарлар