Япония Сомалидеги миссиясынын мөөнөтүн узартты

Кабыл алынган жарлыктын негизинде аймактагы SDF кызматкерлеринин санынын көбөйтүлө турганы да белгиленди.

1734325
Япония Сомалидеги миссиясынын мөөнөтүн узартты

Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрү (SDF) Сомалинин жээктериндеги каракчылыкка каршы миссиясынын мөөнөтүн узартууну чечти.

Коомдук телеканал NHKнын кабарына караганда, Министрлер кеңеши Сомалинин түндүгүндөгү Аден булуңунда каракчылык менен күрөшүү миссиясын жүргүзгөн SDFтин кызмат мөөнөтүнүн бир жылга узартылышын бекитти.

Кабыл алынган жарлыктын негизинде аймактагы SDF кызматкерлеринин санынын көбөйтүлө турганы да белгиленди.

Жарлыкта каракчылыкка, анын ичинде жакырчылыкка алып келген негизги көйгөйлөр чечилбегендиги жана айрым соода кемелери “SDF эскорт” өтүнүчү менен кайрылганы айтылды.

Бир тараптан SDF персоналынын Синай жарым аралындагы көп улуттуу тынчтык күчтөрүндөгү кызмат мөөнөтүнүн 1 жылга узартылышына чечим чыгарылганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар