Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризиси

Песков Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризиси тууралуу журналисттерге маалымат берди.

1734177
Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризиси

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризисине байланыштуу Орусиянын «сүйлөшүүлөрдө ортомчу» катары жардам бере аларын айтты.

Песков Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризиси тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин мындан мурда да мигранттар кризисинин чечилиши үчүн колдон келген жардамга даяр экенин айтканын эске салган Песков, Орусиянын бул темада «сүйлөшүү ортомчусу» катары жардам бере аларын белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризисине Беларусь бийлиги менен Москваны күнөөлөшүнө жана «Орусия Украина чек арасындагы кадамдардан көңүлдөрдү башка жерге бурууну максат кылууда» деген сөзүнө жооп берген Песков: «Биз бул билдирүүнү туура эмес деп эсептейбиз»,- деди.

Чек арадагы абалга байланыштуу бардык күнөөнү Беларустун президенти Александр Лукашенкого жүктөө туура эмес экенин белгилеген Песков, чек арада бир жумадан бери суук аба ырайында жашаган бир нече миң адамдын тагдырын эч ким ойлобогонуна көңүл бурду.



Тектеш кабарлар