Суданда болгон төңкөрүш

Төңкөрүшкө каршы нааразылык акцияларында 7 киши каза болуп, 140 киши жараланды.

1724976
Суданда болгон төңкөрүш

Судандагы аскердик аракеттерден кийин башталган төңкөрүшкө каршы нааразылык акцияларында 7 киши каза болуп, 140 киши жараланды.

Суданда кечээ эртең менен өткөөл өкмөттүн премьер  - министри  Абдулла Хамдук жана башка өкмөт өкүлдөрү, анын ичинде 4 министр камалгандан кийин төңкөрүш аракетине нааразы болгон эл көчөгө чыкты. Аскер күчтөрү нааразылык акцияларын бастыруу үчүн ашыкча күч колдонду.

Спутниктин кабарына караганда, өлкө боюнча нааразылык акцияларына күч органдарынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында каза болгондордун саны 7ге, жаракат алгандардын саны 140ка жетти.

Армиянын башында турган генерал Абдулфеттах ел-Бурхан мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктарга таянып, «башаламандык жана кризис атмосферасын токтотуу үчүн» өзгөчө кырдаал жарыялаган.



Тектеш кабарлар