Эгейде кайыктын чөгүп кетишинен 4 бала каза болду
Грециянын иммиграция министри Нотис Митаракис кырсык тууралуу Твиттерден маалымат бөлүштү.
1725273
Эгей деңизиндеги Хиос аралынын жээгинде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кайыктын чөгүп кетишинен 4 бала каза болду.
Грециянын иммиграция министри Нотис Митаракис кырсык тууралуу Твиттерден маалымат бөлүштү.
Каза болгондордун 3-14 жаштардагы 4 бала экенин белгилеген Митаракис, чөккөн кайыктан 22 кишинин куткарылгандыгын, 1 кишинин болсо дайынсыз экенин белгиледи.