Индиядагы нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен каза бологондордун саны көбөйүүдө

Hindustan Times гезитинин кабарына караганда, провинцияда катуу жамгырдан кийин катуу сел жана жер көчкү болгон.

1721091
Индиядагы нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен каза бологондордун саны көбөйүүдө

Индиянын түштүгүндөгү Керала провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен каза болгондордун саны 24кө жетти, ондогон адамдар дайынсыз жоголду.

Hindustan Times гезитинин кабарына караганда, провинцияда катуу жамгырдан кийин катуу сел жана жер көчкү болгон.

Жамгырдын кесепетинен болгон кырсыкта 24 адам каза болуп, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон.

Индиянын метеорология департаменти (IMD) бүгүн 11 райондо аба ырайынын кескин начарлап кетүү коркунучу тууралуу сары эскертүү берди.

Бүгүн Керала, Карнатака жана Лакшадвип жээктеринде жогорку толкундар болушу мүмкүн экени айтылды.

Керала штатынын премьер -министри Пинарайи Виджаян аба ырайы департаменти 21 -октябрга чейин Керала боюнча күн күркүрөө коштогон жамгыр жаап жана катуу шамал болорун эскерткенин айтты.

Табигый кырсыктарга жооп берүүчү улуттук күчтөр жана Индия армиясы адам өлүмү коркунучу бар Коттаям жана Идукки кырсык болгон аймактарында издөө -куткаруу иштерин колдоп жатышат.

Бийликтегилер жаан -чачын азайып, жардам жана куткаруу иштери улантылганы тууралуу маалымат бөлүштү.

Ички иштер министри Амит Шах өкмөт Кераладагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын жана колдон келген жардамын көрсөтөрүн айткан болчу.

2018 -жылы Кералада нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 223 адам каза болуп, жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушкан.



Тектеш кабарлар