Физикалык активдүүлүк жогоруласа 5 миллионго чейин өлүмдүн алдын алууга болот

ДССУ дүйнө жүзүндө саламаттыкты сактоо, спорт, билим берүү жана транспорт тармагындагы чечим кабыл алуучуларды адамдардын физикалык кыймылын жогорулатуу үчүн көбүрөөк кызматтарды көрсөтүүгө чакырды.

1720164
Физикалык активдүүлүк жогоруласа 5 миллионго чейин өлүмдүн алдын алууга болот

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) физикалык активдүүлүк көбөйсө, дүйнөдө 5 миллионго чейин өлүмдүн алдын алууга болорун билдирди.

Уюмдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, дүйнө калкынын физикалык иш-аракеттерге катышуу көрсөткүчүнүн жетишсиздигине баа берилди.

Билдирүүдө коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясы адамдарды активсиз кылганын эске салып: «Биз адамдарга активдүү жана дени сак жашоосу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү беришибиз керек»,-деди.

ДССУ дүйнө жүзүндө саламаттыкты сактоо, спорт, билим берүү жана транспорт тармагындагы чечим кабыл алуучуларды адамдардын физикалык кыймылын жогорулатуу үчүн көбүрөөк кызматтарды көрсөтүүгө чакырды.

Билдирүүдө, эгерде дүйнө калкы активдүү жана кыймылдуу жашаса жылына 5 миллионго чейин өлүмдүн алдын алууга болору баса белгиленип: «Көптөгөн адамдар коопсуз басып, чуркап, велосипед тебе турган же башка иш менен алектенген аянттарга жете албай жатышат»-деп айтылды.



Тектеш кабарлар