Көмүр кычкыл газы эң бай 20 мамлекетте тездик менен өсүүдө

G20 өлкөлөрүндө быйыл көмүрдү колдонуу 5 пайызга өсүшү күтүлүүдө.

1719665
Көмүр кычкыл газы эң бай 20 мамлекетте тездик менен өсүүдө

Дүйнөнүн эң бай 20 өлкөсүндө көмүр кычкыл газы тездик менен көбөйүүдө.

Би-Би-Си кабарына караганда, Климаттык айкындык отчетунда пандемиянын кесепетинен 2020-жылы 6 пайызга төмөндөгөн көмүр кычкыл газынын көлөмү G20 өлкөлөрүндө быйыл 4 пайызга өсүшү күтүлүүдө.

Кытай, Индия жана Аргентина сыяктуу өлкөлөрдүн 2019-жылы эмиссиянын деңгээлинен ашып кетээри маалымдалса, фоссил отундун үзгүлтүксүз колдонулушу глобалдык жылуулукту ооздуктоо аракеттерине зыян келтирүүдө.

Чоң жыйырмалыктын өлкөлөрү глобалдык жылуулукту пайда кылган көмүр кычкыл газынын болжол менен 75 пайызына жооптуу экени айтылган отчетто, G20 өлкөлөрүндө быйыл көмүрдү колдонуу 5 пайызга өсүшү күтүлүүдө.

Бул өсүштүн 60 пайызга жакыны Кытайга жүктөлгөнү менен, АКШ менен Индияда көмүрдү колдонуу көбөйгөнү кабарланды.

Экинчи жагынан бай өлкөлөрдө күн жана шамал энергиясын колдонууда олуттуу өсүштөр бар экени айтылган отчетто, 2020-жылы 10 пайыз болгон кайра жаралуучу энергия булактарынын 12 пайызга жогорулаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар