Египетте кинофестивалы өткөрүлүүчү аймакта өрт чыкты

Эль -Гуна кинофестивалы эртең Египеттин жана башка араб өлкөлөрүнүн кино жылдыздарынын катышуусу менен башталат.

1719194
Египетте кинофестивалы өткөрүлүүчү аймакта өрт чыкты

Египеттин Кызыл деңиз жээгинде жайгашкан Хургада курорттук шаарында эртең өтө турган Эль -Гуна кинофестивалы аймагында өрт чыкты.

Окуя болгон жерге көп сандаган өрт өчүргүч жана полиция топтору жөнөтүлдү. Фестивалдын ачылышы үчүн бөлүнгөн плаза залында өрттү өчүрүү иштеринин улантылып жаткандыгы билдирилди. 

Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө  жана жабыркагандардын болбогондугу маалымдалды.

Эль -Гуна кинофестивалы эртең Египеттин жана башка араб өлкөлөрүнүн кино жылдыздарынын катышуусу менен башталат.



Тектеш кабарлар