Орусия Талибандан жооп күтүүдө
Лавров Казакстандын борбору Нур Султандагы жыйындан кийин билдирүү жасады.
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ооганстан маселеси боюнча 20-октябрда Москва форматында өтө турган жыйынга талибдердин катышуусу темасында жооп күткөндөрүн айтты.
Лавров Казакстандын борбору Нур Султанда өткөн Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (AİGK/CICA) тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Лавров Ооганстан маселесине байланыштуу 20-октябрда Москва форматында өтө турган жыйынга даярдыктар уланып жатканын айтты.
Бул жыйынга талиптердин өкүлдөрү да чакырылганына көңүл бурган Лавров: «Биз жыйынга чакырган адамдардан пикирлерди алуудабыз. Талибдерден да ушул тууралуу жооп күтүүдөбүз. Алар бул жыйындын маанилүүлүгүн түшүнүшөт деп үмүттөнөм»,- деди.
Орусия Ооганстанга гуманитардык жардам береби же жокпу деген суроого Лавров мындай деп жооп берди:
«Биз кээ бир өлкөлөр менен, өзгөчө Москвадагы жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги астында Ооганстанды колдоо, анын ичинде гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча конференция өткөрүүнү сунуш кылгыбыз келет»,- деди.
Президент Владимир Путиндин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов 20-октябрда Ооганстан маселеси боюнча Москва форматында жыйын болорун, ошондой эле Орусия, Америка Кошмо Штаттары, Кытай жана Пакистан менен кеңейтилген үч тараптуу жолугушуунун да пландаштырылганын жарыялады.