Жамму Кашмирде кол салуу болду

Индиянын Жамму Кашмир аймагындагы кол салууларда 3 адам каза болду.

1715658
Жамму Кашмирде кол салуу болду

Индиянын Жамму Кашмир аймагындагы кол салууларда 3 адам каза болду.

Полициянын берген маалыматына караганда биринчи кол салуу Сринагарда химик Махан Лад Биндроого кол салуу менен башталды. Ооруканага алып барылган кашмирдик индус Биндроо каза болуп, аймакта кол салуучуларды кармоо үчүн операция баштатылды.

Коопсуздук күчтөрүнүн берген маалыматына караганда биринчи кол салуудан 1 сааттан кийин ошол эле Сринагарда бир көчмө сатуучу атып өлтүрүлгөн.

Үчүнчү кол салууда Түндүк Хажин аймагында бир такси айдоочусу атып өлтүрүлгөн. Полиция берген маалыматта кол салууларды «террордук кол салуу» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар