Украинада апрель айынан бери биринчи жолу Ковид - 19 бейтап саны 10 000ден ашты
Вакцинациялоо иштери 24 - февралда башталган өлкөдө акыркы 24 саатта 126 3 адамга вакцина берилди.
1712688
Украинада күнүмдүк Ковид - 19 бейтап саны 11 757 болуп, апрель айынан бери эң жогорку санга жетти.
Украинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, акыркы 24 саатта 194 адам Ковид - 19дан каза болду. Ошол эле убакыттын ичинде 93 356 адамга тест жасалып, 11 757 бейтап аныкталды.
Украинада май айынан тарта төмөндөгөн бейтап саны сентябрь айында кайрадан жогорулай баштады. Өлкөдө 3 - апрелде 20 341 бейтап катталып, эң жогорку санга жеткен.
Вакцинациялоо иштери 24 - февралда башталган өлкөдө акыркы 24 саатта 126 3 адамга вакцина берилди. Ушундайча Украинада вакцина алгандардын саны 7 миллион 533кө жетти.