Гинеде аскерлер бийликти колго алгандыгы кабарланды

Атайын күчтөрдүн (ГФС) башчысы полковник Мамады Думбуянын жана президент Конденин сүрөттөрү жергиликтүү басылмаларга тарады.

1702819
Гинеде аскерлер бийликти колго алгандыгы кабарланды

Гвинеянын президенти Альфа Конде аскердик төңкөрүш менен кулатылган имиштер тарады.

Атайын күчтөрдүн (ГФС) башчысы полковник Мамады Думбуянын жана президент Конденин сүрөттөрү жергиликтүү басылмаларга тарады.

Думбуя аскерлер тобу менен көрүнгөн видеодо, өлкөдөгү саясий жана экономикалык абалга байланыштуу администрацияны колго алышканын айткан.

Президент Конденин колунда экенин белгилеген Думбуя, конституция, өкмөт жана мекемелер жоюлганын, чек аралар жабылганын айтты.

Социалдык тармактарда бөлүшүлгөн дагы бир видеодо Конде аскерлер менен бир бөлмөдө абдан чарчап отургандыгы көрүндү.

Мурдагы билдирүүлөрдө, өлкөдөгү президенттик сарайдын жанында ок атылгандыгы айтылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттарындагы жаңылыктарда, борбор шаар Конакриде президенттик сарай жана административдик имараттар жайгашкан Калум аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 08: 00дө автоматтын үндөрү угулгандыгы жазылган.

Курал аткылоо узак убакытка созулгандыгы жана бул окуяда аскердик төңкөрүш аракетинин ыктымалдуулугу бар экени айтылды.



Тектеш кабарлар