Пакистанда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 4 адам каза болду

Нөшөрлөп жааган  жамгыр жол ачкан кырсыктарда 4 адам каза болуп алардын ичинен бирөөсү бала болгон.

1702328
Пакистанда  нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 4 адам каза болду

Пакистандын Карачи шаарында нөшөрлөп жааган  жамгыр жол ачкан кырсыктарда 4 адам каза болуп алардын ичинен бирөөсү бала болгон. 

Шаардын айрым аймактарында электр үзгүлтүгү болуп, жолдордо чогулган суулардан улам транспорт токтоду. 

Пакистан Меторологиялык департаментинен берилген маалыматта жамгыр жаашынын бүгүн да улантылары жана элдин этият болушу керектиги эскертилди.

Түштүк Азияда июнь -  сентябрь мезгилинде катуу жааган муссон жамгырлары жыл сайын чоң масштабдагы табигый кырсыкка жол ачууда. 

 



Тектеш кабарлар