Израиль Дамаскка кол салды

Сириядагы Башар Асад режими борбор шаар Дамасктын айрым жерлерине Израиль тарабынан абадан кол салуу болгондугун билдирди.

1701914
Израиль Дамаскка кол салды

Сириядагы Башар Асад режими борбор шаар Дамасктын айрым жерлерине Израиль тарабынан абадан кол салуу болгондугун билдирди.

Асад режиминин маалымат агенттиги САНА аскердик булакка таяндырып берген кабрында Израилдин жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:26да Дамаск шаарынын борборундагы режим күчтөрүнө таандык айрым аскердик пункттарга абадан кол салгандыгын маалымдады.

Борбор шаар Дамаск жана айланасында катуу жарылуу үндөрүнүн угулгандыгы белгиленген кабарда : «Абадан кол салуу Бейруттун түштүк -  чыгыш тарабында болду. Абадан кол салуу системаларыбыз душмандын буталарына каршы ок атып көпчүлүгүн атып түшүрдү»,- деп билдирилди.

Кабарда бир гана материалдык чыгымдын болгондугу белгиленди. Борбор шаар Дамакста режимдин армиясы менен бирге Ливан Хизбуллахы жана Иран Төңкөрүш Гвардиясынын буйругундагы чет элдик террордук топторго таандык аскердик пункттар бар.

 



Тектеш кабарлар