АКШда сел жүрдү
АКШнын түндүк - чыгышында кату болгон "Ида" бороону себеп болгон жамгыр жаашы жана селде кеминде 45 адам каза болду.
АКШнын түндүк - чыгышында катуу болгон "Ида" бороону себеп болгон жамгыр жаашы жана селде кеминде 45 адам каза болду.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Луизиана штатынан кийин өлкөнүн түндүк - чыгышында катуу болгон "Ида" бороону Нью -Йорк, Нью -Жерси, Пенсильвания, Мэриленд жана Коннектикут штаттарында катуу жамгыр жаашына себеп болду.
Нью - Йоркто сел жана суу ташкындарында 13 адам каза болсо, Нью -Жерсиде каза болгондордун саны да 23төн ашты.
Пенсильвания, Мэриленд жана Коннектикут штаттарында каза болгон адамдар менен ушул кезге чейин жалпы каза болгондордун саны 45ке жетти.
Нью -Жерси губернатору Фил Мерфи каза болгондордун көпчүлүгүнүн унааларда селге кабылгандар экендигин айтты.
Селдерден таасирленген аймактарда издөө - куткаруу иштери улантылып каза болгондордун санынын артышынын тынчсыздануулар болууда.