Байден : "14 - августтан бери Кабулдан 28 000 киши эвакуацияланды"

АКШнын президенти Жо Байден Кабулдан эвакуациялангандар тууралуу Ак үйдө өткөргөн пресс- жыйынында алдыңкылыктарынын АКШ жарандарын эвакуациялоо экендигин айтты.

1695602
Байден : "14 -  августтан бери Кабулдан 28  000 киши эвакуацияланды"

АКШ 14 -августтан бери Афганистандын борбору Кабулдан 28 000 адамды эвакуациялады.

АКШнын президенти Жо Байден Кабулдан эвакуациялангандар тууралуу Ак үйдө өткөргөн пресс- жыйынында алдыңкылыктарынын АКШ жарандарын эвакуациялоо экендигин айтты.

Кабулда коопсуздуктун ылдам өзгөрүп тургандыгын белгилеген Байден эвакуация тууралуу берилген суроолорго : «Мынчалык адамды телекөрсөтүүдөн да көргөнүңүздөрдөй жоготуу жана жүрөк ооруткан көрүнүштөр болбостон эвакуациялоонун башка бир жолу жок»,- деп жооп берди.

Байден : «Кабулдан 14 -августтан бери 28 000ге жакын кишини эвакуацияладык»,- деди.

Июль айынан бери эвакуациялангандардын саны 33 000ге жеткендигин белгилеген Байден : «Алдыбызда узун бир жол бар. Көптөгөн нерсе нугунда кетпеши мүмкүн»,- деген эскертүү берди.

Катар, Германия, Кувейт жана Испания да болгон бир топ өлкө менен эвакуация тууралуу келишимдерди түзгөндөрүн айткан Байден эвакуацияланган афгандардын бул өлкөлөрдөгү АКШ базаларына алып барылгандыгын жана ал жерде коопсуздук текшерүүсүнөн өткөндөн кийин АКШга жиберилерин белгиледи.

31 -августка чейин эвакуация иштерин акырына чыгаруу керектигин белгилеген Байден керек боло турган болсо Талибанга каршы санкцияларды колодошорун айтты.



Тектеш кабарлар