ЙПГ/ПКК Раккада жаштарды алып кетти
Террордук уюм аймакта дарыя жээгинде үй - бүлөлөрү менен эс алган 28 кишини алып кетти.
1694949
ЙПГ/ПКК террордук уюму Сирияда басып алган Ракка облусунда 28 жаш жигитти "мажбур түрдө аскерлик" деген аттын алдында өз катарына кошуу үчүн алып кетти.
Жергиликтүү булактардан берилген маалыматтарга ылайык, ЙПГ/ПКК террордук уюмунун террористтери кечээ Ракканын батыш жагындагы Мансура аймагына кол салды.
Террордук уюм аймакта дарыя жээгинде үй - бүлөлөрү менен эс алган 28 кишини алып кетти. 28 киши Ракканын батышындагы Табка районундагы машыктыруу лагерине алып барылды.
ЙПГ/ПКК террордук уюмунун Ракка шаарынын борбору менен элет жерлеринде өз катарына кошуу үчүн жаштарды мажбурлоо менен алып кетүүнү улантары билдирилди.